Садыр Жапаров 70 мыкты студентке 60 миң сомдон стипендия тапшырды

Бүгүн, 16-декабрда президент Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Анда республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.

Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, мындай деп белгиледи:

«Ыкчамдык менен өнүгүп жаткан дүйнө агымында жаңы технологияларды, инновацияларды кабыл алууда жана өздөштүрүүдө, алдыңкы долбоорлорду демилгелөөдө силердин ролуңар баа жеткис!

Мындан улам мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде.

Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз».