Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров саатына 700 киловаттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бирок…

15:12 21.04.2021
3
Садыр Жапаров саатына 700 киловаттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бирок…

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, саатына 700 киловаттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президент Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Энергетика — стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат. Жалпыбыз күбө болуп келгендей, бул тармакта маселелерди чечкендин ордуна тескерисинче, маселенин үстүнө маселени үйүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттерди алышып, ал акчаларды ушул тармакка жумшабастан уурдап кетишип, натыйжада, бүгүн энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомду түзүптүр. Ошого жараша көмөк чордондорубуз, линияларыбыз оңолгон эмес. Тескерисинче, итке минген абалга келиптир. Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында олтурушкан аткаминерлер уурдап кетишиптир. Бул маселе боюнча Эсеп палатасына тапшырма берилет. Изилдеп чыгабыз. Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калыптырбыз.

Кыскасы, энергетика тармагын сактап калууга тийишпиз. Аны сактап калуу үчүн көптөн бери топтолуп, бирок чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнү ниет кылып, биз чечкиндүү аракеттердин баарына барууга даярбыз.

Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип дагы бир жолу тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн. Тактап чыгуу боюнча тапшырма беребиз.

Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 4 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарийлер 3

  1. Айгул says:
    5 лет ago

    Садыр Жвпаров келсе кыйрвтып светти арзандатат деп суйунуп жатса кайра аз камдуу уй-булоо дебей эле баарына бирдей баа кылгыла, суу озубуздон ,коншу олколорго арзан сатып бизге кымбат кылганынар акылга сыйбайт туура эмес.😔😰Бизге эн керектуу электр жарыгын чечип бергиле

    Ответить
  2. Айгул says:
    5 лет ago

    Таза кууратыша турган болду карапайым элди депутаттар ичип,чычып жарылгыча жеп олтура бергиле .Кимисине ишенерибизди деле билбей калдык окшойт?Урматтуу Садыр Нуркожоевич ,сизде элдин умуту чон болчу мындай сунушунуз туура эмес деп ойлойм ,сиз элдин умутун акташыныз керек. Кандай абалдан чыгарды сизди карапайым эл,элден айланса болот озу.

    Ответить
  3. Зарина says:
    5 лет ago

    Кымбат болгону аз келгенсип ашыкча эсептеп атышат январь айында светти аябай жагып 3000 сом тологонбуз кийинки айда февралга эканомдосок эки эсе коп чыгып келди биздики эле эмес элдин баары экен иним нерв болуп жургон январь да 6 мин только февралга 11 мин чыгып келиптир

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү