Садыр Жапаров Азербайжандан Чолпон-Ата шаарына кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Шуша шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышуусу аяктады.
Мамлекет башчысы иш сапарынын биринчи күнүндө, 5-июлда Шуша шаарындагы жаңы курулуш объектилери менен таанышты. 6-июлда Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитине катышты. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, энергия үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү сыяктуу өлкө үчүн актуалдуу маселелерге токтолду. Президент ошондой эле транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү өлкө үчүн маанилүү артыкчылык экенин белгиледи. Бул өңүттө Садыр Жапаров ТМУ алкагында катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы эл аралык аралаш ташуулар боюнча Макулдашууга кол коюуну жана транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү программасын кубаттай турганын баса белгиледи. Бейформал ТМУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери бир катар документтерге кол коюшту.
Президент Азербайжан Республикасына жумуш сапарын аяктап, 6-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.