Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады.

«Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң.

Балбандарыбызды, Азия чемпиондугунда мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм!» — деп жазды ал.