Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүндө Бишкек шаарындагы Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды.
Интернат-гимназия 1956-жылы негизделген. Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы мамлекет башчысынын демилгеси менен интернатта капиталдык реконструкциялоо башталган. Садыр Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган.
Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашты. Садыр Жапаров интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай жардам бергени тууралуу айтып берди. Эмгек жамааты менен баарлашууда мамлекет башчысы мектеп мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырды.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...
Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....