Шейшемби, 20.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

12:33 05.01.2026
0
Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду. Бул суроолорго президент Садыр Жапаров кеңири жооп берип, 12 жылдык билим берүү системасы, демографиялык өсүш жана МИКтин баа саясаты боюнча түшүндүрмө берди.

— Өткөн IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер боюнча суроо узатсак. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар тарабынан эң көп айтылган көйгөйлөрдүн бири — мектептердин жетишсиздиги болду. Айрым класстарда 40-50 окуучу билим алып жатканын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мындай жагдай 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу?

— Жок, бул 12 жылдык билим берүүгө эч кандай тиешеси жок. Муну буга чейинки маектеримде да бир нече жолу белгилеп келгем. Бул маселе 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле бар болчу. Мисалы, мурдагы жылдары 1-2-класстарга 140-150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылына карата Э-Күндөлүктүн маалыматы боюнча 1-класс — 106015, 2-класс — 124 593 окуучуну түздү. Мисалга алсак, 2015-жылы окуучулардын саны – 1 043 356 болсо, 2025-жылы, 10 жыл аралыгында окуучулардын саны 1 536 633гө жетип, демографиялык өсүштө окуучулардын саны 500 миңге өстү. Бул мамлекеттеги демографиялык өсүш, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаардык борборлорго жогорулашынан, айрыкча, шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу маселеси пайда болду.

Учурда бул багытта пландуу иш алып барып жатабыз. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү. Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Мындан тышкары, 16 мектеп, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушу ар кандай каржы булактардан (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөрчүүлөр ж.б.) каржыланды.

Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлдү.

2022-жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулган болсо, жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт. Дал ушул үч шаарда мектептерге муктаждык көбүрөөк болууда. Ошентип, бул маселе этап-этабы менен чечилет. Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар. 2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз.

Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы. Биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Заман талабы катары бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн учурдун талабына ылайык, бул процесске бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар. Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат.

12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды. Бул — глобалдык талап. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо — бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

13:28 19.01.2026
«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

"Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат". Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

15:37 19.01.2026
«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

"Путь в жизнь" реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

15:32 19.01.2026
«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

"Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат". Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

15:37 19.01.2026
«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

"Путь в жизнь" реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

15:32 19.01.2026
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

13:28 19.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү