Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан көк бөрүгө күбө болду

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-мартта Нооруз алдында көк бөрү боюнча мелдештер өтүп жаткан «Аккула» ат майданына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

13-март күнү көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата республикалык мелдештер башталган болчу.