Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана каада-салттардын уланышын чагылдырган байыркы элдик Нооруз майрамын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Президент ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачат.