Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Мамлекет башчысына жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт.
Садыр Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөбүздө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулоонун үстүндө. Бул өлкө аймагында аэропортторлу кеңейтүү зарыл дегенди туюндурат.
Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.
Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.