Садыр Жапаров Жаңы жыл менен куттуктады. Видео Баткенде тартылган

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

«2022-жылы сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду. Тилекке каршы, ошону менен бирге мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!

«Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи, кирип келген жаңы жылыбыз Кыргызстаныбыз үчүн өзгөчө жакшылыктардын башталыш жылы болсун деп баарыбыз тилек кылалы! Биз 2023-жылы бардык тармактар боюнча арымдуу өсүш секиригин жасоонун алдында турабыз. Бардык тармактар боюнча элдин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында иштерди жигердүүлүк менен улантабыз.

Ошентип, келе жаткан жаңы 2023-жылдын босогосун чоң максаттар, конкреттүү пландар менен аттап отурабыз. Жалпы Кыргызстан эли – ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүгө бет алган өзгөрүүлөр менен жаңылануулардын түздөн-түз катышуучусу экенибизди сезип, ынтымагыбызды бекем кармасак, алдыга коюлган бийик максаттарга жетебиз, ниет кылып мерчемдеген иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп бекем ишенем! Себеби элибиздин эбактан бери келаткан улуу сапаттарынын бири – биримдикке, ынтымакка умтулуусу. Бул – Кыргызстан элинин артыкчылыгы, биздин дөөлөтүбүз, эгемендүүлүбүздү бекемдеген асыл нарк! Мына ошондуктан, ырыс ыроологон ынтымагыбызды бекем сактайлы, кут тартуулаган биримдигибизди бекем кармайлы!

Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келген куттуу жыл болсун!

Жергебизде тынччылык, элибизде токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!»