Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча «Кабар» агенттигине маек берди.
Ал «Жеке автомектептерди жаппай эле реформа кылса болот беле?» деген суроого төмөндөгүдөй жооп берген:
«Жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу. Жарандарыбыз автомектептерге документин тапшырып коюп эле, убактысы келгенде окуду деген сертификатка ээ болуп, андан ары “Унаага” барып, экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн.
Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген.
Мурда билесиздер, айдоочулук күбөлүктү алуудагы практикалык сыноолордон, теориялык экзаменден эч ким кулабай эле оңой алышчу. Себеби, жең ичинен акча берип сатып алып жүрүшкөн.
Азыр “Унаа” мамлекеттик ишканасын иреттеп, катуу көзөмөлгө алдык эле, жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү келип бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жүрүшөт. Алды 10-15 жолудан тапшырып, кайра кулаган фактылар бар. Эмне себептен? Себеби, жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар дагы эмес болушкан.
Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон. Азыр арабызда, колунда айдоочулук күбөлүгү бар, бирок унаа башкара албаган, “унаа алсам үйрөнүп кетем” деп жүргөн жаштарыбыз толтура», — деп билдирген Садыр Жапаров.