Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болгон. Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгилеген.
«Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи. Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду. Ал парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.