Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду. Сүрөттөрдөн көргөндөй, аны Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жубайы менен тосуп алган.