Садыр Жапаров жубайы менен Киото шаарына поездде барышты (видео)

Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 18-ноябрда Киото шаарына барды.

Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын байыркы борборуна Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен барышкан. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугушат, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор үчүн маданий программа пландаштырылууда.