Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы төрагасы Аскат Эгембердиев Садыр Жапаров ырайым берген жарандар кандай жазалар менен камалгандыгы тууралуу маалымат берди.
“Ырайым берилгендер өтө чоң эмес кылмыш кылгандар: уурулук, бейбаштык, баңгизатын сактоо жана башка беренелер боюнча жаза өтөп жаткандар” деди ал.
Ноябрда айында Садыр Жапаровдун буйругу менен камакта отурган 230 адамга ырайым берилип, 38 кылмышкердин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.