Садыр Жапаров Катарга барган учактын күйүүчү майы гана төлөндү

Садыр Жапаров Катарга барган учактын күйүүчү майы гана төлөндү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президенттин катар Мамлекетине болгон иш сапары дагы», — деп жазылат маалыматта.

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун Катарга барган сапарынан жарыялаган сүрөттөрүнүн ичинде учактын сүрөтү болгон эмес. Бирок Qatar News Agency тараткан маалыматта менчик учактын сүрөтү тиркелген.