Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнөлүк чемпионатты ачат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы маалымдады.
Эл аралык турнир 13-20-августта Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтөт. Түз эфир башталышы 13-августта 13:00дө.