Садыр Жапаров: «Коронавирустун омикрон штаммынан улам былтыркы абалга кайтып баруу тобокелчилиги бар»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынына катышты.

Жыйында президент коронавирус боюнча да абалга токтолду. «Урматтуу мамлекет башчылары! Биз биргелешкен күч-аракеттерибиз менен коронавируска каршы эмдөө ыргагын арттырып, бул илдет менен күрөшүүнүн комплекстүү чараларын көрүп жатабыз. Келерки жылы эпидемиологиялык абалды жакшыртып, көзмө-көз жолугушууларды тез-тез өткөрө алабыз деп үмүт кылам. Ал ортодо, коронавирустун жаңы пайда болуп жаткан „Омикрон“ сыяктуу штаммдары жаңы коркунучтарга, маселен, былтыркы абалга кайтып келүү тобокелчилиги бар. Албетте, бул бизди тынчсыздандырбай койбойт. Биз азыртадан эле айрым мамлекеттердин ортосундагы каттамдарды токтотуу же чектөө тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Бул келечекте кайра эле элге терс таасирин тийгизгендей, өлкөлөрүбүздүн экономикасы үчүн дагы кесепеттерин тийгизиши мүмкүн»,— деди ал.