Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Актилек Мусаева Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо одоно ката кетирген. Ал Кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жибергени белгиленди. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуу этикасын бузган.