Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.
Катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат. Бардык унаалар пост-апокалиптикалык «Mad Max: Fury Road» («Безумный Макс: Дорога ярости») боевик тасмасынын стилинде жасалган. Мамлекет башчысы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты. MadWay Rally долбоорунун катышуучулары Кыргызстан тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүп, өлкөгө биринчи жолу келип, жаратылышынын кооздугуна суктанып жатышканын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстанда өткөн маршруттар бою аларга дайыма абдан боорукер жакшы адамдар жолукканын айтышты.
Мындан тышкары, алар MadWay Rally долбоорунун миссиясы — жаңы маршруттарды ачуу жана жайылтуу менен гана чектелбестен, жарыш өтүүчү жерлерди кайра куруу жана калыбына келтирүүгө жигердүү салым кошуу экенин белгилешти. Мисалы, июнь айында алар Кыргызстан элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кароосуз калган Өрнөк-Кемин жолун тазалоого жардам беришкен.
Ошондой эле бүгүн Булан-Сөгөттү айылындагы ат майданда чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусу менен MadWay Fest кайрымдуулук музыкалык фестивалы өтөт.