Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат. Расмий сапардын алкагында президенттин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган. Бул сапар Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.