Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууну тапшырды

Президенттин Администрациясынын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо кампаниясынын алкагында эмдөөдөн өтүшүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган.

«Президенттин Администрациясынын, Министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылган«,- деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, ден соолукту сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Адистердин айтымында, эмдөөдөн өтүү өзүн жана башкаларды инфекциядан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.