Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы Париж Олимпиадасында күмүш медаль утушу менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады.
Мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу — чоң ийгилик. Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”, — деди Садыр Жапаров.
Ал Мээрим Жуманазарованын жеңиши — спортчунун жан үрөгөн мээнетинин, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин акыбети деп баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров спортчуларыбыздын өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын кошумчалады.
Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы күч, алдыга умтулууга, жаңы бийиктиктерди багындырууга жардам берээрин айтты.