Садыр Жапаров неберелүү болду

Президент Садыр Жапаров неберелүү болду. Анын уулу Рустам Жапаров балалуу болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Садыр Жапаровдун үй-бүлөлүү эки уулу бар. Рустам Жапаров 2019-жылы үйлөнгөн, 2020-жылы кыздуу болгон. Ал эми Ренат Жапаров 2021-жылдын март айында үйлөнгөн. Ушул жылы ал да балалуу болгон.