Садыр Жапаров Непалдын президентине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Непалдын президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Покхара шаарына жакын жерде авиакырсык болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.