Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кунар провинциясында болгон жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Ооган элине жана жетекчилигине көңүл айтты.
Буга чейин Ооганстандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн 800дөн ашуун адам каза болуп, 2800дөй киши жаракат алганы маалым болгон. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.