Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.
Албетте, бул тууралуу бүгүн эле кабардар болуп калганыбыз жок, шаардын билим берүү тармагынан кабарыбыз бар. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша көйгөйлөрдү четинен чечип келе жатабыз. Ал эми мектеп жетишсиздигинин айынан экинчи борборубузда билим берүүнүн аксашына жол бербөө үчүн жаңы мектептердин курулушун кечиктирбей баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилейм!
Айта кетүүчү жагдай бул 10 мектеп тең өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунун эсебинен курулат. Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда. Кудай буюрса, жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгынын болжол менен 20-22%ын жабууга мүмкүндүк болот. Натыйжада:
— Ошентип билим сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт.
Биз Ош шаарындагы класс тартыштыгы көйгөйүн толук чечпесек да, учурда курч болуп турган бөлүгүн жеңилдетебиз. Ош шаарындагы Өзгүр, Кызыл-Байрак, Сүрөттү-Таш, Сары-Зоо, Ак-Буура-2 жана башка конуштар мектептүү болуп калышат.
Ошону менен катар, Ош шаарында мугалимдердин жетишсиздиги боюнча да кабарым бар, бирок башка региондорго салыштырмалуу кадр менен камсыздоо дурус деп айтсак болот. Дегеле мугалимдердин жетишсиздиги – бул татаал маселе. Учурда Агартуу министрлиги мугалимдердин жетишсиздигин азайтуу максатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн түздөн-түз мектептерге бөлүштүрүүнү колго алды. 2025-жылы 1000ден ашуун бүтүрүүчү бөлүштүрүү тартиби боюнча мектептерде иштеп башташты.
Мындан сырткары, эл аралык практикага ылайык, ЖОЖдордогу жогорку курстун студенттерине бир эле учурда мектептерде иштөөгө мүмкүндүк берилүүдө. “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы аркылуу 3000ге жакын педагог квалификациясын жогорулатып, башталгыч класстарга которулду, бул дагы негизги жүктү азайтууга жана кадрдык абалды жакшыртууга көмөк болууда.
Мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында мугалимдер үчүн кошумча стимулдар караштырылып жатат. Кыскасын айтканда, мугалимдердин жетишсиздигин жоюу жаатында жылыштар бар. Мага Ош шаарында окуу китептери менен камсыздоо 97 пайыз деген маалымат берилди. Ошентсе да окуу китептери менен камсыз кылуу жаатында “Алтын казык” программасынын жана 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүнүн алкагында “Окуу китеби” басма үйү тарабынан 2025-жылдан тарта окуу методикалык комплекс (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалим үчүн усулдук колдонмо) даярдалып, басылып чыгарылып келе жатканын айта кетейин”.