Садыр Жапаров Путин менен жолугушууга кечиктиби? Маалымат катчынын жообу

Социалдык тармактарда ШКУнун саммитинин алкагында президенттер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Самаркандда тартылган видео талкууланууда.

Анда жолугушууга көп кечигүүсү менен белгилүү болгон орус лидери Владимир Путин мурдараак келгенин көрүүгө болот. Андан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров келди. Соцтармактын колдонуучулары буга чейин Орусиянын президенти башка мамлекет башчыларын аны күтүүгө мажбурлаганын эскерте башташты. «Азыр Владимир Путин өзү күтүүгө аргасыз», — дешти алар.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге жолугушуу өз убагында башталганын билдирди.