Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Швециянын тышкы иштер министри менен жолукту

17:33 13.04.2021
0
Садыр Жапаров Швециянын тышкы иштер министри менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери жана жакынкы келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Мамлекет башчысы ЕККУ менен, ошондой эле Швеция өлкөсү менен эки тараптуу негизде тыгыз кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди. Президент өткөөл мезгилдин аякташын белгилеп, өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий процесстерге токтолуу менен ички саясий кырдаал турукташканын маалымдады. Садыр Жапаров өлкөдөгү шайлоо иш-чараларын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролун баса белгиледи. Ал Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик мамлекет башчысына жүктөлөрүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле ЕККУ менен кызматташтыкка токтолуп, Уюмду коопсуздук жана кызматташтык маселелеринде тең укуктуу диалог үчүн маанилүү аянтча деп атады.

Ошондой эле, ал Кыргызстандагы этностор аралык саясаттын механизмдерин жана инструменттерин өркүндөтүү долбоорлорунун алкагында ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын бюросунун конструктивдүү ишин баса белгиледи. Садыр Жапаров Кыргызстан ЕККУнун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берерине токтолуп, Уюмдун принциптери менен милдеттенмелерин толук сактагандыгын ырастады. Ошону менен бирге президент Швеция менен мамилелерди эки жана көп тараптуу форматта өнүктүрүү зарылдыгын айтып, анын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына жана экология менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү жана мүчө-өлкөсү экенин айтып, уюм кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи. Гендердик теңчилик жана тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдар маанилүү ролду ойной тургандыгын, бул ЕККУнун артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген Анн Линде Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө резолюциясын ишке ашыруу боюнча Иш-план кабыл алган, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген региондогу биринчи өлкөлөрдүн бири катары куттуктады. Анн Линде Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгына көңүл буруп, бул дагы кыргыз-швед эки тараптуу мамилелерин чыңдоо үчүн негиз болуп саналарын кошумчалады.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан ЕККУ менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга ар дайым ачык жана даяр экенин ишендирди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:07 28.04.2026
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 28.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары...

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:45 28.04.2026
0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Россия Федерациясына каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин...

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 28.04.2026
0

Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо...

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:28 28.04.2026
0

1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү