Бүгүн, 31-августта, Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегиндеги Алымбек Датка атындагы реконструкцияланган жана көрктөндүрүлгөн сейил багында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Анда президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан элин майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:
«Өткөн жылы улустун улуу күнү болгон Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүүнү ниет кылып, берекелүү Чүй боорундагы айтылуу Чуңкурчак жайлоосуна туу көтөргөн элек. Быйыл болсо мындай сыймыктуу иш 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында жүз берип берип олтурат.
Бүгүн биз байыркы мезгилдерден азыркы күнүбүзгө чейин мамлекеттин эгемендигинин эн тамгасына айланган кызыл туубузду дал ушул улуулукту, бийиктикти символдоштурган Сулайман тоонун астанасына 60 метр бийиктикке көкөлөтүп жатабыз.
Өнүккөн өлкө куруу биздин колубузда. Себеби, бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөдөгү, эл ичиндеги мындай артыкчылыктарды колдон чыгарбай туура пайдаланып, тарых жаратып калуу улам боло бербей турган тарыхый шанс. Шансты кетирбейли, өлкөнүн жаратылыш ресурстары, адам ресурстарын туура, сарамжал, астейдил колдонуп, аталардан бизге калган эгемендүү Кыргызстанды өркүндөтүп-өстүрүп, кийинки муунга өткөрүп берели.
Дагы бир жолу Эгемендик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!».