Ажого окшош жигит Аскар Байдылда: “Садыр Жапаровду буга чейин таанычу эмесмин”

“Садыр Жапаровду мурда таанычу деле эмесмин”, — дейт президентке эки тамчы суудай окшош экени айтылган Аскар Байдылда. Ал бул тууралуу SuperTV каналына маек берип жатып айтты.

“Университетте окуп жүргөндө улуу муундагы кишилер Садыр Жапаров деген киши бар, ага окшош экенсиң деп айтышчу. Мен анчейин маани берчү эмес экенмин. Президент болгонго чейин Жапаровду таанычу эмесмин. Азыр ага окшоткондор көбөйдү”, — деди Аскар Байдылда.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү тарап, кызуу талкууга түшкөн эле.

Аскар Байдылда менен маекти шилтемеден табасыз.