Садыр Жапаровдун аскердик милдетин өтөп жүргөн кезиндеги сүрөтү жарыяланды

Президент Садыр Жапаровдун аскердик милдетин өтөп жүргөн кезиндеги сүрөттөрүн анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жарыялап, Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Садыр Жапаров Сибирь Кызыл туу аскердик округундагы 57849-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

«Ар бир эр-азамат адам үчүн Ата мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок. Ата мекен коргоочулар, сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Мекендин бейпил турмушун коргоп жаткан жалпы аскерлерибизге жана жарандарыбызга миң мертебе таазим кылабыз», — деп жазды Эрбол Султанбаев.