Садыр Жапаровдун атынан Жалал-Абадда ооз ачар өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун атынан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районунун, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Алар президенттин атынан сөз сүйлөп, Жалал-Абад облусунун жашоочуларын ыйык Рамазан айы менен куттукташты.