Садыр Жапаровдун ипотекалык компанияга тапшырган үйү канча сомго сатылганы маалымдалды

Президент Садыр Жапаровдун кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» тапшырган үйү сатылды. Бул тууралуу журналисттерге аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, үйдү 28 миллион 50 миң сомго сатып алышкан. Үйдүн жаңы ээси анын аты-жөнүн сыр бойдон сактоону өтүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү 30-сентябрда мурда мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берген. Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.