«Садыр менен Ташиевди тынч койгулачы» деп ыйлаган 10 жаштагы кыздын видеосу талкууда

Соцтармактын колдонуучулары «Садыр менен Ташиевди тынч койгулачы» деп ыйлаган 10 жаштагы кыздын видеосу менен бөлүшүшүп, өз пикирлерин жазып жатышат.

Көпчүлүгү жеткинчектерге аяр мамиле кылсак болот эле деген ойлорун жазып жатышат. Мектеп окуучусу боюнча билим берүү министри чара көрсүн дегендер да жок эмес.

Ошондой эле бул кыздын өзүнүн сөздөрү эмес экенин айтышып, кызды үйрөтүп коюшуптур дегендер да бар.