Сагымбай Орозбаковдун «Манас» эпосунун кол жазмалары ЮНЕСКОнун “Дүйнө Мурасы” реестрине кирди

18-майда Парижде манасчы Сагымбай Орозбаковдун «Манас» эпосунун кол жазмалары ЮНЕСКОнун эл аралык “Дүйнө Мурасы (Эс-Тутуму)” реестрине кирди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчилигинен маалымдашты.
«Бул жумуш 2-3 жылдан бери уланып, ТИМ, ЮНЕСКО мамлекеттик комиссиясы тарабынан иштелип чыгып, эң негизгиси ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешине алып чыгуу бактысы мага туш болуптур. 88 номинациядан 64ү жеңип чыгып (анын ичинде биз барбыз), кубанып жаткан чагыбыз», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.
ЮНЕСКОнун “Бүткүл дүйнөлүк эс тутум” программасы 1992-жылы бүткүл дүйнөлүк документалдык мурастарды сактоо, аны коомчулукка жеткиликтүү кылуу жана жайылтуу максатында түзүлгөн.