Сахалинде тамакка ууланган кыргызстандыктардын абалы жакшы

Орусиянын Сахалин аймагында тамакка ууланган 12 кыргызстандыктын абалы жакшы. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

7-майда Түштүк-Сахалиндеги кыргыз консулу оорукананын жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Дарыгер уулануу фактысын тастыктап, саламаттыгына чоң коркунуч жоктугуна байланыштуу медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң бейтаптар үйгө чыгарылганын билдирген.

Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн материалдар прокуратурага жана «Роспотребнадзордун» Сахалиндеги башкармалыгына өткөрүп берилген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяны көзөмөлүнө алган.