Саида Мирзийоева: «Бишкек, бизди тосуп ал»

20-августта Бишкек шаарында «Zakovat Asian Cup II» интеллектуалдык оюну өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенттик администрациянын башчысы Саида Мирзиёева соцтармактагы баракчасына жазды.

«Zakovat Asian Cup II» Кубогу үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын эң мыкты билермандардан турган курама командалары ат салышат. Интеллектуалдык тармакта кызматташтыкты бекемдөө максатында Кыргыз Республикасы «Zakovat» турнирлерин өткөрүү эстафетасын кабыл алды.