Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Касымбеков жаңы кызматка дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун директору болуп жаңы кызматка дайындалды.

Жаркынбек Касымбековду кесиптештерине кечээ тааныштырышкан.

Ал 2022-жылдын 4-июнунда министрдин орун басары болуп дайындалган. Ошондой эле 4-июндан 23-августка чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткарган. Ал орун басарлык кызматтан өткөн жылдын декабрь айында бошотулган.