Саламаттыкты сактоо министрлиги Индия менен болгон аба каттамдан баш тартат

Тышкы иштер министрлиги Индия менен аба каттамдары боюнча талкуу өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Индиядан учкан аба каттамдарын токтотуу маселесин талкуулады. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин позициясы. Калктын саламаттыгы биринчи орунда турат. Министрлик Индиядан учуп келген рейстерден баш тартат», — деди ал.

Ал мындан тышкары, ковиддин индиялык штаммынын оор түрү келсе, адамдар арасында тез жайыларын эскертти. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Индия менен болгон аба каттамдардан баш тартууда.