Саламаттыкты сактоо министрлиги кийинки аптада Исманкуловдун клиникасын имараттан чыгарууну пландоодо

Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиялык ооруканасы жайгашкан имаратты Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүү боюнча ушул жуманын аягына чейин мэрия документтерге кол коюуну пландоодо. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Маалыматка караганда, учурда министрлик мэрия жана аталган оорукана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат. Ал көчүрүү тууралуу менчик клиникага мэрия кабарлашы керектигин айтты. Клиникага Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барып, көчүрүү мыйзамдуу түрдө болорун түшүндүргөн.