Саламаттыкты сактоо министрлиги өз кызматкеринин вакцинанын мөөнөтү тууралуу маалыматын четке какты

Июль айында COVID-19 вакцинасынын 67 миң 622 дозасынын гана мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Министрлик министрдин орун басары Нурийла Шериеванын маалыматын четке какты.

Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бир айдын ичинде COVID-19 вакцинасынын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү бүтөрүн тастыктаган болчу. 

«Жакынкы жарактуулук мөөнөтү бүтөөрү 2022-жылдын июль-август айлары. Алардан болгону 67 миң 622 доза вакцина бар. Сөз Файзер вакцинасынын эки партиясы жөнүндө болуп жатат. Алар жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин саламаттыкты сактоо уюмдарында колдонулат. Калган бардык вакциналардын жарактуулук мөөнөтү жылдын аягына чейин бүтөт», — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.