Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митинги өтүп жатат

Бүгүн, 17-майда Саламаттыкты сактоо министрилигинин имаратынын алдында министр Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митинги өтүп жатат. 

«Алымкадыр Бейшеналиевдин бардык аракеттерин идеалдуу деп айта албайм, кемчиликтери да бар. Эгерде анын мыйзам бузуулары болсо, анда ал юридикалык жактан жооп бериши керек. Бирок фармакологиялык мафия, медицинадагы мафия жана коррупциялык схемалар менен күрөшүп жатат. Кечээ Бейшеналиев чет өлкөгө чыкканда министрдин орун басарлары ага каршы чыкканы ички саботаждан кабар берет. Биз алардан эмне үчүн министр чет өлкөгө кеткенде каршы чыгып жатканын, бул саясий оюндардын артында кимдер турганын түшүндүрүп берүүнү суранабыз», — деди жарандык активист Атай Бейшенбек.