Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг өттү

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун туугандары бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Алар министрликте реформа жүргүзүүнү талап кылышууда.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, алар министрликте болуп жаткан адилетсиздикке нааразы.

«Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформа болушун , ден соолугубузду ишенип тапшыра турган адамдардын келишин каалайбыз. Протоколду бизден жашырган бардык чиновниктердин жазаланышын талап кылабыз», — дешти алар.

Өткөн аптада ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү пандемия учурунда мамлекеттик органдардын ишин иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялашкан. Алар ковидди дарылоонун үчүнчү протоколу кечиктирилгенин айтышкан болчу.