«Самбо ыкмасын колдонгон». Милиция жол тескөөчү тартылган видео тууралуу маалымат берди

Мындан 2 күн мурда социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери жаранды уруп жаткан видео тараган. Окуя боюнча аталган кызматтан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, окуя 5-февралда саат 02:30 чамасында болгон. «102» кызматына чалуу болуп, Милициянын кайгуул кызматы Ак-Тилек жаңы конушуна барган. Арыз ээсинин үйүнө мас абалда чоочун адам кирип, кыйкырып өкүрүп, уяттуу сөздөр менен сөгүнүп, кичинекей балдарынын жана арыз ээсинин тынчтыгын бузганы аныкталган.

«Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей каршылык көрсөткөн, кызматкерлер күжүрмөн самбо ыкмасын колдонуп, кызматтык милдеттерин аткарышкан. Бул окуя боюнча кошумча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тактоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызмат аял кишинин аудиосун таратты. Анда аял милицияны уулу чакырганын айткан. «Түнкү саат 03:00 чамасында жалгыз калган уулум үйгө бирөөнүн киргенин угуп, милиция чакыртыптыр. Аны эч ким деле сабаган жок»,- деп айтылат аудиодо.