Санкт-Петербургда кыргызстандыкты зордуктады делип таксист кармалды

Санкт-Петербургда Өзбекстандан барган мигрант таксист кыргызстандык аялды зордуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы аял 24 жаштагы шектүү анын таанышы экенин айткан. Ал 21-декабрга караган түнү анын унаасына отуруп, алгач айдоочу унааны бейтааныш жерге токтотуп, жүргүнчүнү зордуктап, Фонтанка жээгине алып келип түшүрүп салган. 

Бир нече сааттан кийин ал полиция бөлүмүнө жеткирилген. Биринчиден, ага карата Орусияда жүрүү режимин бузгандыгы боюнча протокол түзүлгөн. Андан кийин зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон. Жигит камакта. ЖМКлар билдиргендей, жабырлануучу өлкөгө январь айында барган, анын убактылуу каттоо мөөнөтү май айында аяктаган.