Саясат таануучу: «Шайлоодон кийин төңкөрүш болбойт, бирок…»

Саясат таануучу Эмил Жураев бул парламенттик шайлоодон кийин төңкөрүш болбойт, бирок чыр-чатактарды болтурбай коюу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-ноябрда “Кыргыз Республикасынын саясий майданы: шайлоого чейин жана шайлоодон кийин” тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө талапкерлер өтө көп – 21 партия жана 200дөн ашык бир мандаттуу талапкер. Ал эми жыйынтыгын чыгаргандан кийин жер-жерлерде талаш-тартыштар жаралат, преференциялуу добуш берүүдөн улам партиялык тизме менен ат салышкан талапкерлердин арасында нааразычылыктар жаралат. Анын пикирине дагы бир катышуучу, саясат таануучу Эдил Осмонбетов кошулат. Ал белгилегендей, Кыргызстандагы шайлоонун табияты ушундай, ар дайым карама-каршылыктар болот. Эксперт шайлоодон кийин эмне болорун, Жогорку Кеңеште кимдер болорун алдын ала айтууга эч ким батына албасын, шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун эч ким билбей турганын айтты.