«Саясатчы болуу бизде баш оору экен». Сыймык Жапыкеев соцтармакта жаңы пост жарыялады

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев 2016-жылдагы видеосу менен бөлүшүп, пост жазды.

«Ушул эле күндөр жакшы экен, көп нерсе менен жумушум жок. Балык уулоо, саякат… Саясатты саясатчыларга бердик. Буюрса саякатты улантабыз. Саясатчы деле боло алган жокпуз, бизде саясатчы болуш кыйын, баш оору экен», — деп жазды ал.