Саясатчы Жеңиш Молдокматов кармалды

Саясатчы Жеңиш Молдокматов кармалды. Бул тууралуу анын тарапташтары соцтармактагы баракчалары аркылуу билдиришти. Анда саясатчынын укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда унаага отуруп бара жатканы жана анын «сынбагыла, баары жакшы болот, кийим-кечемди берип койгула, үй-бүлөмө да айтып койгула» дегенин угууга болот.

Жактоочусу: «Бүгүн, 6-майда саат 10до суракка чакырылган, кийин түштөн кийин да чакырылды. Сурак бүткөндөн кийин ага 245-берене менен айып коюлду. Анда Улуттук коопсуздук кызматын басып алууга аракет кылган дегендин негизинде камакка алынды. Азыр ИВСке алып кетишти», — деди.

Түшкө чейинки сурактан чыккандан кийин Жеңиш Молдокматовго СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен байланышканда «Октябрь айындагы окуялар боюнча Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев да суралышы керек» деген эле.

«Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, учурда «Туран» партиясынын лидери буга чейин жаңы Баш мыйзамга каршы митингдерди уюштуруп келгени маалым.