Саясатчы Өмүрбек Текебаев тун кызы Ай-Данэкти турмушка узатты

Саясатчы Өмүрбек Текебаев тун кызы Ай-Данэкти турмушка узатты. Маалыматты тастыктаган сүрөт жана видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларына жүктөштү. Видеодон Өмүрбек Текебаев менен жубайы Айгүл Текебаеванын жана алардын кызы Ай-Данэктин бийлеп жатканын, ошондой эле ырчы Мирбек Атабековдун чыгарма аткарып жатканын көрүүгө болот.

Ай-Данэк Текебаева 1996-жылы 29-июнда төрөлгөн, 4 бир туугандын улуусу. Буга чейин “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде саясатка кызыгарын айткан.